Пирамида
С Вами на все времена!Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандыгын алган адамдар үчүн 60 ID-карт чыгарды. Бүгүн анын 12си Чүй облусунун Жайыл районунда жашаган памирлик кыргыздарга тапшырылды. Ошондой эле, Нарынга Ооганстандан көчүп келген 4 жаран Кыргыз ID-картын алышты. Документтери даяр болгон калган 44 кыргызстандыкка паспорттору жакынкы күндөрү берилет. (1)Буга чейин Президенттин жарлыгына ылайк, 106 этникалык кыргыз өлкөнүн жарандыгына кабыл алынган. Такталган маалыматтар боюнча Кыргызстан эгемендик алгандан бери 75 миңдей этникалык кыргыз өз мекенине кайтып келген. Алардын 65 миңден ашууну Кыргызстандын жарандыгына ээ болсо, 10 минден ашууну паспортко жете албай жүргөн.
Ой-пикир калтыруу