Дүйшөмбү, 16 Аяк оона 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жалал-Абаддагы «KAZ Minerals Bozymchak» ишканасы өз ишин жандандырды

5-6-октябрдагы окуялардан соң токтоп турган Жалал-Абддагы «KAZ Minerals Bozymchak» ишканасы өз ишин жандандырды. Ал эми «Эти-Бакир-Терек-Сай» ишканасында алтын өндүрүүчү жай жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери жүрүп жатат. Облуста иш сапары менен болгон Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кендин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеке жоопкерчиликти жүктөп, маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ал экономикалык кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү жана ишкана менен жергиликтүү калктын өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды алуу боюнча макулдашууга жетишилгенин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *