Бейшемби, 19 Аяк оона 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаркын келечекке ишеним. Балдарды коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук соңку мезгилде олуттуу маселелердин бирине айланып баратат. Ур-токмокко, катуу мамилеге, зомбулукка кабылып жаткандардын басымдуу бөлүгүн өспүрүмдөр менен аялдар түзөт. Былтыр 9 миң зомбулук фактысы катталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп. Пандемия учурунда көрсөткүч тез өскөнү байкалган. Статистикага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын он пайызы гана сотко кайрылат. Көбү тосмо арыздын негизинде кайра жарашып алышат. Ушундан улам Жогорку Кеңеш 4 жыл мурда кабыл алган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзамы жакшы жемишин бербей келет дешет адистер. Эми зомбулуктан жабыркагандар тосмо арыз жаза албайт. Зомбулук көрсөткөн адамга катуу чаралар көрүлөт. Бул жаатта жаңы мыйзамдын долбоору парламентте каралып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *