Пирамида
С Вами на все времена!“Жаштар иш жүзүндө коомду өзгөртүүнүн объекти болушу керек, анткени алар экономикалык өсүштүн жана мамлекеттин бакубатчылыгын камсыздоонун баа жеткис кадрдык ресурсу”. Мындай пикирин Жаштар саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча өткөн кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бул концепция Өкмөттүн 18-октябрындагы №562-токтому менен бекитилген. Эми өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги концепциянын биринчи этабы боюнча иш пландарынын долбоорун алты ай ичинде иштеп чыгышы керек.
Ой-пикир калтыруу