Пирамида
С Вами на все времена!Өлкө аймагында бир жумада мас абалында автоунаа башкарган — 315 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. Жалпысынан өткөн аптада 19 миң 600 айдоочу жол эрежесин бузган. Анын ичинен 3 миң айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарса, тиешелүү документи жок 255 айдоочу рулга отурган. Эреже бузуулар боюнча тийиштүү протоколдор түзүлүп, айыптар салынды. Инспекторлор айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырууда.
Ой-пикир калтыруу