Пирамида
С Вами на все времена!Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин айдоочуларын колдоду. Эми ал жол кире 15 сом турушу керек деп эсептейт. Жакынкы күндө Экономика министрлигине туруктуу маршруттук таксиде жүрүү тарифин көтөрүү сунушу менен кат жөнөткөнү жатат. Бөлүм баарын изилдеп, документти шаардык кеңешке жиберет. Бирок ошол эле убакта, парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу сунушун көтөрүп чыкты.
Ой-пикир калтыруу