Жума, 22 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Зомбулукка кабылгандардын көбү өспүрүмдөр менен аялдар. 2020-жылы 9 миң зордук-зомбулук фактысы катталган

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук соңку мезгилдкерде эң көйгөйлүү маселеге айланып барат. Ур-токмокко, катуу мамилеге, зомбулукка кабылып жаткандардын басымдуу бөлүгүн өспүрүм балдар менен аялдар түзөт. Айрыкча пандемия учурунда, тагыраагы 2020-жылы 9 миң 25 зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдады. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча ведомство тарабынан аракеттер көрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 17 кризистик борбор, зомбулукка кабылган адамдарга кызмат көрсөтүп келет. Февраль айынан тарта ведомствонун жаңы «117» ыкчам байланыш номери ишке кирет. Ага зомбулукка кабылгандар кайрыла алышат.Чалуулар акысыз жүргүзүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *