2024-жылга чейин бардык абоненттер акылдуу эсептегичке өткөрүлөт

7

Кыргызстанда электр энергиясын пайдаланган 1,5 млнго чукул абонент бар. Бүгүнкү күндө анын 215 миңи электр энергияны акылдуу эсептегич аркылуу колдонуп келет. Быйылкы жылы дагы 300 миң абонентти акылдуу эсептегичке өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, электр энергияга болгон тариф соңку 6 жылдан бери өзгөргөн эмес. Быйылкы жылы да бул нарк туруктуу сакталат.