Домой Жаңылыктар Коом Баткен районунун Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулуш иштери башталды

Баткен районунун Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулуш иштери башталды

10

Чек-арага жакын жайгашкан айылдардын абалын жакшыртуу максатында өкмөт тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүүлө баштады. Анын алкагында Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарында типтүү мектептердин курулуш иштери башталды.Капсула салуу аземине Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алманбет Салиев жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышты.