Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

“CASA-1000” долбоорунун алкагында Кыргызстан 15 жыл ичинде 1,5 млрд. доллардан ашуун каражат табат

Борбордук жана Түштүк Азияда CASA-1000 эл аралык электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору 1 млрд. 100 млн. долларга бааланып, 2016-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштей баштаган. Долбоор Түштүк Азия өлкөлөрүн жогорку чыңалуудагы линиянын жардамында электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Аталган долбоор 2023-жылы Кыргызстанда толук кандуу иштей баштайт. CASA-1000 долбоорунун алкагында 15 жылда Кыргызстан 1 жарым млрд. доллардан ашык каражат табат. 2*Мындай пикирин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан Тажикстанга чейин жалпы узундугу 450 чакырымды түзгөн 500 кВт электр линиясы 2020-жылдын апрель айынан баштап курула баштайт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *