Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар жазаланат!

Кечээ коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 320 адам кармалып, 9 унаа токтотулду. Коменданттык саат талабын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганча кармап турат. Ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө камалат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өзгөчө абал киргизилген кезде сууну, электр энергиясын жана газды өчүрүүгө мүмкүн эместигин кошумчлайт. Буга ылайык, учурда өкмөттө коммуналдык кызматтардын акысын төлөөнү кечиктиргендиги үчүн туумду чегербөө маселеси каралууда.

#коронавирус #covid #covid-19

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *