Ош шаарында жаш ойлоп табуучулар билим таймашын өткөрүштү

19
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ошто мектеп окуучулары арасында жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өттү. Ага жалпы 200гө чукул окуучулар катышты. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү республикалык баскычта Ош шаарынын намысын коргомокчу.