Өзгөн шаарындагы А. Навои атындагы орто мектептин окуучулары 4 нөөмөттө билим алышат

127

Өзгөн шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектептин окуучулары 4 нөөмөттө билим алууга аргасыз. Анткени билим уясынын бир корпусу авариялык абалда деп табылган. Мындан улам бир жарым миң бала билим алган мектепке кошумча окуу имаратын куруу зарылдыгы келип чыгып, 2017-жылы 525 орундуу окуу корпустун курулушу башталган.