1-июндан тарта Ысык-Көлгө эс алууга барууга болот

12

1-июндан баштап туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун кире бериштеринде орнотулган посттордо гана жарандардын дене табы текшерилет, андан башка эч кандай тоскоолдук болбойт. Азыркы тапта, санитардык эрежелерди сактоо боюнча туризм тармагынын субъектилерине атайын талаптар даярдалууда..