Пирамида
С Вами на все времена!Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон кыргыз жарандарынын саны 59 адамга жетти. Каза болгон беш жарандын өздүгү тактала элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, өздүгү такталбаган бир жарандын сөөгү тез жардам ооруканасында, ал эми калган 4 жарандын сөөктөрү өлүкканаларда. Министрлик Тажикстандын агрессиясынан 164 мекендешибиз жаракат алганын кабарлады. Ооруканаларда жалпысынан 144 адам жатат, 20 жаран амбулатордук шартта дарыланууга жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду.
Ой-пикир калтыруу