Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

12 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ДЕНЕСИНЕН СНАРЯДДЫН 35 СЫНЫГЫ АЛЫНДЫ

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон кыргыз жарандарынын саны 59 адамга жетти. Каза болгон беш жарандын өздүгү тактала элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, өздүгү такталбаган бир жарандын сөөгү тез жардам ооруканасында, ал эми калган 4 жарандын сөөктөрү өлүкканаларда. Министрлик Тажикстандын агрессиясынан 164 мекендешибиз жаракат алганын кабарлады. Ооруканаларда жалпысынан 144 адам жатат, 20 жаран амбулатордук шартта дарыланууга жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *