Жекшемби, 5 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

15-ноябрдан тарта муздак суу менен канализацияны колдонуу тарифи жогорулайт

Бишкекте 15-ноябрдан тарта муздак суу менен канализацияны колдонуу тарифи жогорулайт. Тийиштүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Ал эми сунушту «Бишкек суу каналы» берген. Ага ылайык, 1000 литр муздак суунун тарифи жарандар үчүн 8 сом 10 тыйынга, ал эми канализацияны колдонуу — 2сом 30 тыйынга жогорулайт. Мекеме тарифтин арзандыгынан улам чыгым тартып жатат. Маалыматка караганда, аталган ишкана 2017-жылы 94,2 миллион сом, 2018-жылы 89,8 миллион сом чыгым тарткан.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *