Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

“Акыркы убакта кыргыз милициясынын көптөгөн жакшы өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга кадам таштаганы калк арасында туура кабыл алынып келет. Санариптештирүү маселесинин колго алынышы, заманбап технологияларды жана алдынкы ыкмаларды колдонуу менен жарандардын коопсуздугун, алардын укуктарын сактоо боюнча алгылыктуу иштердин жүргүзүлүп жатканы учурдун талабына ылайык жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жана экономикалык жактан колдоо жана коргоо багытында бир катар максаттуу иштер жасалып жатат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылды. Ошону менен бирге эле министрликтин, айрыкча алыскы аймактардагы түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга олуттуу көңүл бурулууда.
Биз бүт өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган ардагерлерибиздин Мекен үчүн жасаган көп кырдуу эмгектерин дагы унутпайбыз. Аларга ар дайым сый-урмат көрсөтүүнү парзыбыз деп билебиз. Учурда ардагерлерибиз бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, коомдук тартипти сактоого бараандуу салым кошуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем”- деп билдирди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунда.

> Жазгүл Кудайбердиева:

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *