Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

2019-жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөн

2014-жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн болсо, 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнүп берилген. Быйыл бул сумма 500 миллион сом деп каралган. 2023-жылга чейин өлкөдөгү суу жетпеген 600дөн ашуун айылга суу берилип, 24 шаардын тиешелүү инфратүзүмүн жаңылоо милдети коюлган. Айыл-кыштактарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо максатында ишке ашып жаткан «Таза суу» долбоорунун алкагында эл аралык каржы мекемелеринин колдоосу менен 20 шаарда 11 млрд. 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашып жатат. Былтыр муктаж болгон 653 айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду. Жакынкы беш жыл ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаңыдан куруу пландаштырылууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *