Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

2021-жылы борбор калаадагы 22 мекеменин жылытуу тутуму көгүлтүр отко алмаштырылат

Соңку 2-3 жылдан бери Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе жогорулап кеткени баарына маалым. Суук түшөрү менен шаарды кара түтүн каптап, абанын кескин начарлашы көйгөйлүү маселеге айланды. Буга кабатырланган жашоочулар жылуулук системалардын эскилиги, ири мекеме ишканалардан бөлүнүп чыккан кара түтүн, уулуу заттар себеп болууда деп божомолдоп келишет. Көйгөйдү жоюуга мэрия тараптан ыкчам аракеттер көрүлө баштады. Мурда жылытууда көмүрдү пайдаланып келген мэриянын карамагындагы мекеме-ишканалар, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык имараттардын дээрлик бардыгы жаратылыш газына өткөрүлө баштады. Көгүлтүр газды аз убакыттан бери пайдаланып жаткан айрым мекемелердин иши менен вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жеринен таанышып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *