Дүйшөмбү, 13 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Акыркы 4 айдагы антирекорд! 14-апрелде коронавирустун 240 жаңы учуру катталды

Акыркы 4 айдагы анти-рекорд! Кыргызстанда соңку бир күндө коронавирустун 240 жаңы учуру катталды! Анын ичинен дартты жугузуп алгандардын 133ү борбор калаа тургундары. Кечээтен бери 161 адам айыгып ооруканалардан чыгарылды. Тилекке каршы акыркы суткада вирустан дагы эки бейтап каза болду. Статистика кырдаал кандайча өзгөрүп жатканын түшүнүүгө жардам берет. (1)Ал эми коргоонун эң ишенимдүү каражаты эмдөө болуп саналат. Азыр биздин мамлекетте эмдөөнүн биринчи этабы жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бардык аймактарынан 4 миңге жакын адам вакцинациядан өттү. Алар: дарыгерлер, мугалим, укук коргоо жана башка мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле 65 жаштан ашкан кары-картаңдар.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *