Алайкууда 1200 жаран таза суу менен камсыз болду

25

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө иш сапары менен барды. Иш-чарада ирригациялык жана Таза-Суу долбоорлору менен таанышты. Учурда аймакта 380 гектар жерге сугат суу жана 1200 калкы бар айылга таза-суу тартуу жумуштары аткарылып жатат.