Алдыда кылычын кайрап кыш турат. Буга байланыштуу энергетиктер өлкөнү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат деп белгилеп жатат. Алар өз убагында электр тармактарынын объектилеринин жабдуулары күз-кыш мезгилдерине дурус даярдалгандыгын, көмөк чордондорду алмаштыруу жана капиталдык оңдоолор толук көлөмдө аткарылгандыгын билдиришүүдө.