Жума, 3 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«АЛТЫН БАЛАЛЫК» ОН КҮН САЙЫН 250 БАЛАНЫ КАБЫЛ АЛАТ

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык комплекси пайдаланууга берилди. 17 жылдан бери токтоп турган бул комплекстин имаратынын курулушу өткөн күздө кайрымдуулук марафонунан кийин башталган болчу. Борбордун ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров катышып, 1-июнга карата бул жайга дарыланууга жана эс алууга кабыл алынган 194 бала менен баарлашты. Көлдүн климаттык шарты балдардын ден соолугун чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу болгондуктан 15-сентябрга чейин өлкөнүн ар аймактарынан ар он күн сайын 250 бала кабыл алынат. 8 блоктон турган, ар кыл бөлүмдөрү бар комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган медициналык борборго айланат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *