Ар дүйшөмбү сайын Бишкектеги базарлар дезинфекциялоого жабылат

12

Бишкектеги бардык ири жана чакан базарлар ар жуманын дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоого жабылат. Буга калаадагы эпидемиологиялык абалдын начарлап жатканы себеп. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы бүгүн да базарларда, жарандар көп чогулган жайларда атайын унаа жана кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштерин жүргүздү.