Аравандагы заманбап төрөт үйүнүн курулушу 95%га аяктады

9

Эл үчүн маанилүү делген социалдык объекттер өлкөбүздүн бардык дубандарында курулууда. Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов алгачкы иш сапарын Араван районунан баштап, анын алкагында социалдык обьектилердин курулушу жана өндүрүш тармагындагы ишканалар менен таанышты.