Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Аялдардын саясатка аралашуу мүмкүнчүлүгү жогорулады

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» мыйзамына ылайык 25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулду. Бул кеңештерге бардыгы болуп 375 депутат шайланса, алардын 142 мандаты аялдарга бөлүндү. 2016-жылдан бери жергиликтүү кеңеште аялдардын саны кескин азайып, ал тургай 60тан ашык кеңеште аялдарга бир дагы мандат берилген эмес.(1) Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын орду чоң экенин эске алганда, айымдардын саясий чечим кабыл алуучу процесстерге катышуусун камсыз кылуу зарыл. Мындай сунуштар эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган «Жаркын келечекке жол» аталышындагы Улуттук форумда айтылды. Ага бир катар айылдык кеңештин депутаттары, өз ишинде эмгеги менен өзгөчөлөнгөн айымдар жана студенттер катышты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *