Жекшемби, 12 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашаган 10 миңден ашуун этникалык кыргыздын жарандык паспорту жок

Бөтөн жерде, бөтөн элде күн көрүп, эмгектенип жүргөн мекендештердин саны 1 миллиондон ашат. Анын 800 миңге жакыны Россия Федерациясынын аймагында жүрөт. Бул көрсөткүч өлкөдөгү ар бир үй-бүлөдө бирден адам миграцияда жүрөт дегенди билдирет. Алардын эсебинен жылына Кыргызстанга 2 жарым миллиард доллардай акча которулуп турары баарына маалым. Президенттин миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө жарлыгы ички жана сырттагы мигранттардын жашоосун жеңилдетүү максатын көздөйт. Документте мурда Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган мекендештерге да жеңилдиктерди иштеп чыгуу камтылган.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *