Бүгүнтөн тарта өпкөсү сезгенген жарандар ооруканаларда дарылана баштады

58

Бүгүнтөн тартып анализинен COVID-19 чыкпаган, бирок өпкөсү сезгенген жарандар өзүнчө ооруканаларга жаткырыла баштады. Ошондой эле пневмонияга шектелген бейтаптардын дене табы 38°Стан ашса, алар ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат. Буга байланыштуу медициналык мекемелерде кошумча орундар ачылды.