Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштелип чыкты

Бала асырап алуучуларга кызмат көрсөтө турган электрондук портал иштелип чыкты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, бул порталда ата-энеси баш тарткан балдардын саны, жынысы, жашы жана улуту тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Аны Кыргызстандын жарандары өлкөнүн бардык аймактарында онлайн көрсө болот. Андан тышкары бала асырап алууну каалаган адам ошол эле портал аркылуу министрликтин аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *