Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БАТКЕН: ТАЛКАЛАНГАН 420 ҮЙДҮН КУРУЛУШУ ЖҮРҮҮДӨ

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагын Баткендеги үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин колдонууга берилип баштайт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында талкаланган үйлөрдү кайра куруу иши жүрүп жатат. “Кыска убакытта курулуучу панель үйлөр даяр болчу. Бирок жергиликтүү эл, кирпич менен тургузууну өтүнүштү. Мамлекет башчы Садыр Жапаров элдин талабына ылайык тамдарды куруу тапшырмасын коюп, мамлекеттен каражат бөлүнгөн.”, -деди Орунбеков. Ал эми Улуттук банктын маалыматына ылайык 1-декабрга карата Баткен жана Ош облустарында коңшулардын кол салуусунан жабыркаган 474 жаран финансылык-кредиттик уюмдарга насыясын кечүүнү өтүнүп кайрылган. Ага ылайык 298 жарандын насыясы толугу менен жоюлган. Каражаттын суммасы 19 миллион 974 миң сомду түзгөн. Дагы 38 миллион 430 миң сомго барабар 170 насыя ре-структу-ризацияланган.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *