Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БАТКЕНДЕ АЙРЫМ МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАР ИШТЕП БАШТАДЫ

Тажик тараптын кол салуусунан алдын ала маалымат боюнча, Баткенде 618 үй талкаланган. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтымында 453 үй кайра курулат. Ал эми 165и толук ремонтко муктаж. Ички иштер министрлигинин билдиришинче келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда 31 ыкчам-тергөө тобу иштөөдө. Ал арада баскынчылардын агрессиясынан улам сабактар убактылуу токтотулган айрым билим уялары каалгасын ачып окуучулар мектептерге кайта баштады. Темага Айдар Темиралиев кененирээк токтолот.

 

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *