Пирамида
С Вами на все времена!Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ишенимдүү өнөктөш болгонуна 30 жыл толду. Бул аралыкта уюм биздин өлкөгө 2 миллиард 7 жүз миллион АКШ доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн. Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга дагы 600 миллион доллар бөлөт. Бөлүнгөн каражаттар өлкөдөгү стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Бул тууралуу Бишкек экономикалык форумунда айтылды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, чет элдик жана ата мекендик эксперттер, ишкерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аянтчада экономиканын өсүү темпи, калктын турмушун жакшыртуу сыяктуу актуалдуу маселелер каралды. Теманы Айдар Темиралиев улантат.
Ой-пикир калтыруу