Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БИШКЕК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ишенимдүү өнөктөш болгонуна 30 жыл толду. Бул аралыкта уюм биздин өлкөгө 2 миллиард 7 жүз миллион АКШ доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн. Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга дагы 600 миллион доллар бөлөт. Бөлүнгөн каражаттар өлкөдөгү стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Бул тууралуу Бишкек экономикалык форумунда айтылды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, чет элдик жана ата мекендик эксперттер, ишкерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аянтчада экономиканын өсүү темпи, калктын турмушун жакшыртуу сыяктуу актуалдуу маселелер каралды. Теманы Айдар Темиралиев улантат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *