Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда

12

Бишкек шаары менен Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Анткени дал ушул аймактарда вирустун очокторунан илдетти жугузгандар токтой элек. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 68 адамдан коронавирус аныкталганын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерден келген жарандардан тастыкталган. Ошол эле маалда өлкөдө Сovid-19дан айыгып, ооруканадан чыккандар да жок эмес.