Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БИШКЕКТЕ ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМ ӨТӨТ

Бишкекте 26-майга белгиленген Евразиялык экономикалык форум учурунда төрт миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Ички иштер министрлиги ЕАЭБге кирген мамлекеттердин башчыларынын расмий сапары учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн милициянын бардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтө турганын билдирди. Буга чейин президен Садыр Жапаров Кабар агенттигине курган маегинде 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен, Түштөн кийин Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёев да расмий сапары менен келе турганын маалымдаган. 27-майда болсо ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келери күтүлүүдө. Аталган Уюмга Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия мүчө. Ал эми Өзбекстан, Куба жана Молдова байкоочу макамын алган. Бишкекте биринчи жолу өтө турган Евразиялык экономикалык форумда кайсы маселелер талкууланат. Кыргызстанга иш-чара кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет? Айьза Камчыбекова айтып берет.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *