Дүйшөмбү, 29 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БИШКЕКТЕ «САЛТТУУ МУЗЫКА» ЖУМАЛЫГЫ СТАРТ АЛДЫ

Борбор калаада жыл сайын белгиленүүчү “Салттуу музыка” жумалыгы старт алды. Маданий иш-чаранын жүрүшүндө күү, ыр, дастан күндөрү белгиленип ар бир бөлүктө мастер-класстар көрсөтүлөт. Эл аралык масштабда белгиленип жаткан иш-чарага коңшу мамлекеттерден белгилүү илимпоздор менен өнөр адамдары келип катышууда. Жумалык 25-апрелге чейин уланат. Бул күндөрү кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө жарманкеси, эл аралык илимий-практикалык конференциялар жана концерттик программалар тартууланат. Бүгүн Уркуя Салиева атындагы сейил бакта “Улут наркы” көргөзмө жарманкеси ачылды. “Салттуу музыка” жумалыгынын биринчи күнү тууралуу кесиптешим Айдар Темиралиев баяндайт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *