Пирамида
С Вами на все времена!9-декабрда Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Өлкө лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат. Ошондой эле биримдиктеги өнөктөштүктү чыңдоого жана жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу да пландалууда. Алдыда кененирээк.
Ой-пикир калтыруу