Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БИШКЕКТЕГИ №75 МЕКТЕП-ЛИЦЕЙ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бишкектеги №75-мектеп-лицей пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты. Билим уясы төрт жарым айдын ичинде курулуп, анын сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Мектепте тигүүчүлүккө жана айдоочулукка даярдаган окутуулар бар. Бүтурүүчүлөр орто кесипке ээ болуп, күбөлүк алышат. Ал үчүн кабинеттер бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Эске салсам, быйыл борбор калаага 15 мектеп жана 1 бала бакча курууга жалпысынан 2 млрд сом бөлүнгөн.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *