Бишкектин көркүнө-көрк кошпой, бүтүндү бүлдүргөн вандалдар

10

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан баш калааны көрктөндүрүү аракеттерине тоскоолдук жараткан жарандар бар. Алар кандай максатта архитектуралык скульптураны өрттөп, кооздук гана эмес, шаңдуу маанай таруулаган пианинону талкалап үлгүрүштү. Вандалдардын максаты эмне? Белгисиз. Ага карабай, калаа башчылыгынын муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери шаарды өнүктүрүү, көрктөндүрүү аракеттерин токтоткон жок.