Пирамида
С Вами на все времена!Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдошту. Тагыраагы, 1 млн 59 миң 476 жаран “макул”, ал эми 182 миң 553 шайлоочу “каршы” добушун берди. Бүткүл элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 37 пайызы катышты. Бул алдын ала чыгарылган маалымат гана болуп саналат. Ал арада бюллетендерди колго эсептөө уланууда. Боршайком референдумдун соңку жыйынтыктарын үч жуманын ичинде жарыялайт.
Ой-пикир калтыруу