Жекшемби, 12 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БЫЙЫЛ 12 КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ

Биз 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүүбүз керек. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору» улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди. (1)Ал белгилегендей, учурда республика энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, буга катар энергетикалык жабдуулардын техникалык жактан эскириши, суунун аздыгынан жана чектелген энергетикалык кубаттуулуктардан улам электр энергиясын импорттоо маселеси орун алган. Акылбек Жапаров кошумчалагнадай, Камбар-Ата жана Жогорку-Нарын ГЭС каскады стратегиялык объектилериндеги курулуштун активдүү фазасы ишке берилиши менен катар энергиянын жаңыланып туруучу туруктуу булактарына артыкчылык берилиши керек. Айьза Камчыбекова кененирээк айтып берет.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *