Жума, 17 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Быйыл айдоо аянты үчүн бир миллион эки жүз миң гектарга жакын жер берилет

Быйыл айдоо аянты үчүн бир миллион эки жүз миң гектарга жакын жер берилет. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу алты жарым миң гектарга көп. Жарымынан көбүн дан өсүмдүктөрү ээлейт. Алар: жүгөрү, кылкандуу дан, буурчак, коон, бакча жана май өсүмдүктөрү. Агротехнологиялык жумуштарды сапаттуу жүргүзүү — ийгиликтүү түшүм алуунун ачкычы. Ал эми өкмөт тарабынан дыйкан-фермерлерге жыл сайын ыңгайлуу шарттар түзүлүп келет. Алсак, арзандатылган пайызда насыяларды берүү. Ошондой эле быйыл Россия март айында техникалык жардам иретинде өлкөбүзгө 4530 тонна буудай, арпа, күн карама, сафлор, жасмык жана соянын үрөндөрүн жеткирмекчи.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *