Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

БЫЙЫЛ ЖОЛ САЛУУ ЖАНА ОҢДООГО 7,5 МЛРД СОМ БӨЛҮНГӨН

Быйыл жол курууга жана оңдоого республикалык бюджеттен жана “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 7 жарым млрд сом каралган. Бул каражат өткөн жылдагыга салыштырмалуу эки эсеге көп бөлүнгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. 2022-жылы жалпы жонунан 650 чакырым жолду асфальттоо жана капиталдык оңдоо пландалып, азыр анын 450 километринде жумуштар бүттү. Калган тилкелердеги иштер жыл соңуна дейре толугу менен аяктамакчы. Буга улай эле эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен ишке ашып жаткан долбоорлор боюнча жолду куруу жана реконструкциялоо жумуштары уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *