Быйылкы кышта энергетикага байланышкан көйгөй жаралбайт

4

Быйыл электр жарыгы өчүрүлбөйт. Муну энергетикалык компаниялар убадалап жатышат. Бүгүн өлкөнүн энергетика компанияларынын жетекчилери кыш мезгилине толук даярдыктары жөнүндө маалымат беришти. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, 21-сентябрдан бери Казакстандын электр энергиясы келишимдердин негизинде пайдаланылып жатат.