Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ЧЕК АРА: ТАРАПТАР ЭЛ АРАСЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗӨТ

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады. Бүгүн саат 11де Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. Анда түнкү саат үчтөрдө кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сүйлөшүлдү. Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган 708 адам туруктуу жашаган ордуларына жеткирилди. Ал эми өз алдынча туугандарыныкына жайгашкан 18 миңдей жаран өз алдынча үйлөрүнө келишти. Баткендеги акыркы кырдаал боюнча Канат Жолочиев кененирээк баяндайт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *