Пирамида
С Вами на все времена!Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жараат алган эки жоокердин абалы орточо жана өзгөчө оор деп бааланууда. Саламаттык сактоо министрлиги чек ара чырында жарадар болгондорго ыкчам тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн курамында бардык адисттер камтылган дарыгерлер тобу Бишкектен жөнөтүлөрүн билдирди. Бүгүн түш чендерде башталган ок атышуу эки сааттай созулуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен токтогон. Азыр абал салыштырмалуу туруктуу. Айдар Темиралиев кененирээк.
Ой-пикир калтыруу