Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Чоң-Алай: кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстан тажик тараптан Чоң-Алайдын Унжу-Булак жергесине орнотулган контейнерди бузууну, аскерлерди жана аскердик техниканы алып кетүүнү талап кылды. Бүгүн Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине Тышкы иштер министрлигинин нааразычылык нотасы тапшырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Тажик элчисине чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын деңгээлинде жетишилген келишимдерди, андан тышкары 1-майдагы коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунун протоколун бузуу менен эки өлкөнүн чек араларындагы абалды курчутууга алып келүүчү кезектеги чагымчылдык аракеттерди көрүп жатканы көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта. (1)Эскерте кетсек, 4-июнга караган түнү саат 3төр чамасында тажик тарап Чоң-Алайдагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди койгон. Буга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациясынын жетекчиси болуп эсептелген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жерге жөнөп кеткен. Аймакка барган Атайын кызматтын жетекчиси Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен байланышкандыгын, анын келери күтүлүп жаткандыгын маалымдаган.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *