Дүйнөдө жана Кыргызстанда Кытай вакцинасын алгандан кийин бир дагы өлүм учуру каттала элек

22

Коронавируска каршы эмделген кыргызстандыктардын дээрлик бардыгынын абалы канааттандыраарлык. Республикалык иммунология борбору негизинен ийне сайылган жердин кычышуусу жана алсыроо сыяктуу симптомдор болушу мүмкүн экендигин белгилейт. Дүйнөдө жана Кыргызстанда Кытай вакцинасын алгандан кийин каза болгон бир дагы учур каттала элек. Ал эми Бишкекте эмдөөдөн кийин бир дипломат каза болду деген посттун автору жалган маалымат таратканы үчүн эл алдында кечирим сурады.