Дүйшөмбү, 29 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ЕАЭБ ЖЫЙЫНЫНЫН АЛГАЧКЫ КҮНҮ

Ушул тапта Нурсултанда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Учурда тар курамдагы жолугушуу аяктады, анда Жапаров катышуучуларды биримдиктин үстүбүздөгү жылдагы ишинин негизги багыттарын чечүүдө тыгыз өз ара аракеттенүүгө чакырды. Алардын арасында: тоскоолдуктарды тез арада жоюу, өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу, аларды ишке ашыруу сыяктуу темалар бар. Төраганын алдыда бир нече жолугушуусу да бар. Кеңейтилген форматтагы жыйын эртең өтөрү белгилүү болду. Нур-Султанда эмнелер талкууланып жатканы тууралуу кийинки репортажда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *